Кеминде көмүр муктаждыгын 50 миң тоннага азайткан күн электр станциясы салынат

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кемин районунда күн электр станциясынын курулушуна старт берди
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кеминде көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайткан күн электр станциясы салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев бүгүн кытайлык инвесторлордун жардамы менен ишке ашып жаткан курулушка капсула салды.
"Калкыбыздын саны 7 миллиондон ашты, жаңы ири ишканалар ишке киргизилип, электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө. Ошондуктан күн нурун пайдалануу менен таза энергия дүйнөсүнө жол ачып, күн электр станциясын курууну баштайбыз", — деген төрага.
Станция жылына 155 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат. Мындан тышкары, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Станцияны курууда 500гө жакын жумушчу орду түзүлмөкчү.
“Электр станциялары” ачык акционердик коому кызматкери. Архив
Башкы директор “Электр станциялары” ААКнын Бишкекке көчөрүн четке какты