22-январга карата аба ырайы

22-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3…+2, Талас чөлкөмүндө -2…+3, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +2…+7, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0…+2, Ош шаарында +5…+7 градуска жетет.
Аба ырайы өзгөрүп, күн сууктайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты