Бизнес баштоо үчүн акча керекпи? Же идеяны жана жөндөмдүүлүктү талап кылабы?

Sputnik
Ар бир адам ишкер болгусу келет. Кимдир бирөө бизнесте өзү кызыккан тармакты тандаса, көбүрөөк убакыт бөлгөнгө даяр болот, кирешеси аз болсо да эмгектене берет. Натыйжада чоң ийгиликтерге жетет. Ишкерлердин айтымында бизнес баштоодо биринчи кезекте акча эмес, адамдын кызыгуусу, идеясы, жөндөмү жана аракети маанилүү.
Бүгүнкү күндө бизнеске керектүү тармактар – бул айыл чарба тармагы. Тактап айтканда асыл тукум мал, кой, уй, бука жана жашылча-жемиштер. Булардын баарын иштетип, экспортко чыгаруу жакшы жемишин берет. Акчасыз да биз кылса болорун “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.