Элдин убактысын үнөмдөп, бюрократияны жоёт - кадрдык иш жүргүзүү санариптик форматка өтүүдө

Sputnik
Өлкөдө кадрдык иш жүргүзүү санариптик форматка өтүп жатат. Эми жумушка алуу, жумуштан бошотуу, эмгек өргүү сындуу документтер санариптик түрдө түзүлөт. Бул аракет башкарууну модернизациялоону жана өлкөдөгү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда документ жүгүртүүнү жакшыртууну көздөрү кабарланды. Жаңы нерселер жаңы өзгөрүүлөр көптөгөн суроолорду жаратып аларга көптөгөн жоопторду табууну талап кылат.
Бүгүнкү берүүнүн алкагында бул багытта түйшөлткөн суроолорго Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бопушева жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасынын орун басары Аскат Назаралиев жооп берди.