Жакында акталган Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болду

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку сот тарабынан акталган Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Урмат Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2021-жылы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган. 2023-жылы апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.
Жакында эле Жогорку сот тарабынан ага "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен коюлган айыбы кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу жокко чыгарылган.
Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды