Ошто Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ошто Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын опузалап талап кылууга шектелүүдө.
"Ош облусунда ЖКККБнын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарына акча салууну талап кылган. Анын ордуна административдик эреже бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелип милициянын старшинасы Ж.У.А. кармалганы кошумчаланды.
УКМК: Кайгуул кызматынын 4 инспектору пара алууга шектелип кармалды