Стенин атындагы фотосынакка арыздарды кабыл алуу уланууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы XI эл аралык фотожурналистика сынагына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланып жатканын конкурстун расмий сайтына жарыяланды.
Максаты — жаш сүрөтчүлөрдү колдоо жана коомчулуктун көңүлүн заманбап фотожурналистикадагы чакырыктарга буруу. Бул — жаш фотографтардын ысымдарын дүйнөгө тааныткан Россиядагы жалгыз аянтча.
Сынак “Негизги жаңылыктар”, “Спорт”, “Менин планетам”, “Биздин замандын портрети”, “Жогорудан көрүнүш” номинациялары боюнча өткөрүлөт.
18-33 жаштагы фотоадистер сынактын веб-сайтына орус жана англис тилдеринде билдирме жөнөтө алышат. Бул жылы арыздар 28-февралга чейин ачык.
Сынактын байге фонду ар бир категория боюнча биринчи орунга 125 миң рубль, экинчи орунга 100 миң, үчүнчү орунга 75 миң рубль болот. Гран-приге 700 миң рубль берилет. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча сентябрь же октябрь айларында Москвада өткөрүлөт.
"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Көз жоосун алат! Ландшафттык сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды