Жарым аралдын жашоочуларынын 93 пайызы СССРдин курамындагы өзүнчө республика — Крым Автономиялуу Советтик Республикасын түзүүгө добуш берген.
Украина Крым элинин каалоосун аткарган жок. Референдум өткөн мезгилден 22 күндөн кийин Киев СССРдин эмес, Украинанын курамындагы Крым АССРи калыбына келтирилгенин жарыялаган.
2014-жылы кайра референдум өтүп, азыр жарым арал Россиянын курамындагы аймак болуп эсептелет.