Россия АКШнын жаңы бийлиги менен Украина боюнча диалогго ачык

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Россия АКШнын жаңы администрациясы менен Украина жаңжалы боюнча диалог жүргүзүүгө ачык. Бул тууралуу президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Кебинин урунттуу учурлары:
Россия АКШнын бир дагы администрациясы менен эч убакта диалогдон баш тарткан эмес;
Россия Трампты кызматка киришүүсү менен куттуктайт;
Украинадагы абалды жөнгө салуу кыска убакытка элдешүүнү эмес, тынчтык орнотууну көздөшү керек;
Украинада тынчтык орнотуу аймакта жашаган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын сыйлоого негизделиши керек;
Москва Трамп менен анын командасынын билдирүүлөрүнөн Россия менен түз байланышты калыбына келтирүү каалоосун көрүп жатат;
Москва Трамптын үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн бардык аракеттерди жасоо керек деген сөзүн кубаттайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп инаугурациянын алдындагы митингде Украина чырына чекит коерун айтты