БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясын ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чарада ал заман чакырыктарына татыктуу жооп берүү үчүн прокуратура, юстиция, укук коргоо органдарына жана сот системасына күчтүү кадрлар керек экенин белгиледи.
"Юридикалык академиянын бүтүрүүчүсү мыйзам үстөмдүгүн, жарандардын укуктары менен эркиндигин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде өздөштүрүп чыгышы зарыл. Айрыкча прокурордук көзөмөл чөйрөсүндөгү укуктук ченемдерди ишке ашыруу үчүн маанилүү болгон маалыматтарды дыкат талдоого алуу менен прокуратура органдарынын функцияларын натыйжалуу аткара алгыдай болушу шарт", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле академиянын окуу класстарын, китепканасын, криминалистикалык борборлорун, прокуратуранын музейин көрүп чыкканы кошумчаланды.
Мындан тышкары, окуу жайдын ректору болуп Ош облусунун мурдагы прокурору жана Кыргызстандын мурдагы аскер прокурору Айбек Турганбаев дайындалганы айтылды.