Аба ырайы өзгөрүп, күн сууктайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Суук учурунда эшикте бара жаткан адамдар. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Шаршембиден баштап аба ырайы өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы төмөндөп, кээ бир жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
23-январда жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүйдө — түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус;
Таласта — түнкүсүн -14…-19, күндүз -6…-11 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде — түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус;
Ысык-Көлдө — түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус;
Нарын облусунда — түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус;
тоолуу райондордо — түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус;
Суусамыр өрөөнүндө — түнкүсүн -31…-36, күндүз -15…-20 градус суук болот.
Бишкектеги Эркиндик бульварында бара жаткан кыз. Архив
Мезгил-мезгили менен кар жаайт. 26-январга чейинки аба ырайынын божомолу