Бишкекте 51 жаштагы киши аялын өлтүргөнүн милицияга өзү кабарлаган

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте 51 жаштагы С.И. аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, 19-январь күнү саат 20:28де 102 кызматына телефон чалуу түшкөн. Анда эркек киши 18-январь күнү жубайы менен уруша кетип өлтүрүп алганын билдирген. Жерине дароо тергөө-ыкчам тобу барып, факт тастыкталган.
"Милиционерлер шектүүнү кармап Тергөө кызматына алып келишкен. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деди ИИБ.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголду.
Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн