Бишкекте газдын жарылышынан жабыркагандардын абалы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектеги газ жарылган үйдөн 62 жана 38 жаштагы аялдар жабыркаган. Экөө энеси менен кызы экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аялдын денесинин 60 пайызы күйүп, абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эми кызынын денесинин 10 пайызы күйүп, абалы орточо оор экени айтылды.
Кечээ Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылган.
Баткенде жарылган снаряд. Жабыркагандардын абалы айтылды