БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 21-январь, шейшембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Талас өрөөнүндө +2...+7, Ысык-Көлдө 0...+5 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +6...+8 градуска чейин көтөрүлөт.