Келечек жаштардын колунда деген кеп бар. Анткени келечекте өлкөнүн, элдин тагдырын чечип, замандын багытын өзгөртүү вазыйпасы бир убакта дал ушул жеткинчектердин моюнуна жүктөлөт. Жаштары акылы тунук, дени сак, жакшы тарбия алган элдин келечеги кең болору талашсыз. “Стимул” программасынын бул жолку коногу жаш илимпоз, студент Нурадин Торобеков жана анын мугалими Укен Мырзабекова. Нурадин Торобеков илим дүйнөсүнө жаңы баш багып жатканына карабастан Glasess аттуу долбоору менен «KNU InnoFest-2024» аталышындагы стартаптардын сынагында 1-орунду багындырды. Берүүнүн жүрүшүндө бул өзгөчө долбоор тууралуу маектештик.