Быйыл баш калаанын гүлзарлары кандай гүлдөр менен кооздолот?

Sputnik
Быйыл Бишкектин гүлзарларына 1 млн 600 миңден ашык гүл отургузулат. «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасыны бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштерин жүргүзүп, жалпы 400 миң үрөөн себилди. Гүлзарларга гүлдүн боюна жана санына жараша дизайн чийилет. Бул жылы лаванда, гайдария, партулак деген көп жылдык гүлдөрдү өстүрүү пландалууда. Аталган гүлдөр шаардын эс алуу жайларына тигилет. Көп жылдык гүлдөр бир жылдык гүлдөрдөн айырмаланып аз убакытка гана гүлдөйт. Ошондуктан бул гүлдөрдү шаарды кооздоодо өстүрүүгө басым жасалбай турганын “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын башкы аграрному Диля Байбориева айтып берди.