Мыйзамга кирген өзгөртүүдөн улам көз жумган бейтаптардын себептери так аныкталбай калууда. Патологоанатом менен маек

Sputnik
Патологоанатом кесиби тууралуу адатта көп айтыла бербейт. Бирок, медицина жаатында изилдөө жүргүзүүдө, статистикалык маалыматтарга ээ болууда жана жаш дарыгерлерди окутууда бул кесиптин орду чоң. Кыргызстанда 2005-жылдан тарта бейтап каза болгон учурда эгер жакындары каршы чыкса сөөктү ачууга уруксат берилбейт. Патологоанатомдор бул өз кезегинде өлүмдүн себбеин так билүүгө, медиктер кетирген каталарды аныктоого жана жаш адистерди даярдоого өз кедергисин тийгизип жатканын айтышат. Муну менен катар эле өлкөдө аталган кесип ээлерине тартыштык бар. Кененирээк “Күн башат” уктуруусунда сөз кылдык.