БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумага карата республика боюнча күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, борбор калаа Бишкекте 21-январда күндүн көзү бузулуп, 23-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт.
Чүй, Талас
Бул апта аймактарда жаан-чачындуу болот. Айрыкча 22-январда көпчүлүк аймактарда калың кар жаашы күтүлүүдө. 19-20-24-25-январь күндөрү күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Өлкөнүн түштүк жергесинде 19-январда айрым жерлерде, 20-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Анын эртеси күн ачык болуп, 22-23-январда кар жаайт. Жуманын соңку эки күнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Көл, Нарын
Эки аймакта 21, 22 жана 23-январь күндөрү жаан-чачындуу болуп, кар жаашы күтүлүүдө. Синоптиктер калган күндөрү күн ачык болорун айтышты.