Израиль ХАМАСтан барымтадагылардын тизмесин алды. Ок атуу токтоду

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Израиль бир нече мүнөт мурда палестиналык ХАМАС кыймылынан барымтадагылардын тизмесин алганын премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин кеңешчиси РИА Новостиге тастыктады.
Буга чейин Нетаньяху ХАМАС кыймылы бошотула турчу барымтадагылардын тизмесин бермейинче Газа тилкесиндеги ок атышуу токтобой турганын айткан. ХАМАС бул иштер техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кечеңдегенин билдирген. Эми бул тизме Израилдин колуна тийгени маалым болду.
Израиль менен ХАМАС кыймылы Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугунда 19-январдан баштап 42 күнгө атышууну токтотууну макулдашып, аскердик аракеттерди биротоло токтотууга аракеттенишерин жарыялашкан.
Келишимдин биринчи этабында израилдик 33 туткунду Палестинанын 1000дей туткунуна алмаштыруу каралган. Израиль аскерлери Газа секторунун чек араларына чегиниши керек, бирок азырынча сыртта ага жакын жерлерде калышат.
Элдешүүнүн биринчи күнүнөн баштап гуманитардык жардам жеткирүү көбөйтүлөт, суткасына 600дөй жүк ташуучу унаа келет, анын ичинен 50 унаада күйүүчү май бар. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.
Келишимге Катар, Египет жана АКШ гарант болуп, Каирде координациялык борбор түзүшөт.
Израиль аскерин Газадагы Рафах шаарынын борборунан алып кете баштады