ЖМК: Трамптын администрациясы Венесуэла бийлигинин алмашуусун каалайт

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын администрациясы Венесуэла өкмөтүнүн жана анын өлкө башчысы Николас Мадуронун кызматтан кетишин каалайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Трамптын администрациясындагы булактарга таянып Axios жарыялаганын жазды.
Анда айтылгандай, жаңы шайланган президенттин кеңешчилери команда Мадуронун 2024-жылдын 8-декабрында кызматтан кеткен Сирия президенти Башар Асаддын "жолун кайталоосун" каалай турганын айткан. Алар Венесуэладагы "режимди алмаштыруу" сөзсүз эле аскердик аракеттер болот дегенди билдирбей турганын айтышууда.
"Биз (АКШ – ред.) эгерде Мадуро Асаддын Москвадагы коңшусу боло турган болсо, анда каршы эмеспиз", – деген Трамптын атын атагысы келбеген кеңешчиси Axios басылмасына.
Порталдын маалыматында белгиленгендей, Трамптын Венесуэладагы бийликти алмаштырууга кызыкчылыгы Жозеф Байдендин Кубаны террорчулуктун демөөрчү-мамлекеттери деген тизмесинен чыгаруу тууралуу чечимин Конгресске жөнөтүү ниетинен улам күч алган.
2024-жылы 8-декабрда Сирияда оппозициянын куралчан өкүлдөрү Дамаскидеги мамлекеттик телеканалды басып алып, өлкөнү көзөмөлгө алганын эфирден жарыялашкан. Сириянын премьер-министри Мухаммед Гази аль-Жаляли өлкөдө бир нече министр менен калганын, куралданган оппозициянын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.
Россия ТИМи Сириянын президенти Башар Асад жаңжалдын бир катар катышуучулары менен сүйлөшкөн соң президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алып, өлкөдөн чыгып кеткенин маалымдаган. Андан мурун Асад өлкөдөгү бийликти тынчтык жолу менен алмаштырууну, сүйлөшүүлөргө Россия катышпаганын айткан. Кремлдеги маалымат булагы РИА Новостиге Асад үй-бүлөсү менен Москвага келгенин, РФ ага баш паанек бергенин билдирген. Мындан тышкары, Россиянын расмий өкүлдөрү сириялык куралчан оппозиция менен байланышта экенин, алардын башчылары РФтин аскерий базасы менен дипломатиялык мекемелеринин коопсуздугуна кепилдик беришкенин кошумчалаган.
Германия Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн чочулап турганы айтылды