БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2025-жылга карата республикалык бюджетин бекитти. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Казына кирешеси бул жылы 430 миллиард сомду, ал эми чыгым 406 миллиард сомду түзөт.
Республика бюджетиндеги профицит үстүбүздөгү жылы 24,3 миллиард сомду түзөт деп эсептелген. html Бийлик ал каражаттын бир бөлүгү мамлекеттин сырткы карызын жабууга жумшаларын билдирди.
Мындан тышкары, бул жылга карата өлкөдөгү эң аз айлыктын суммасы аныкталып, ал 2 865 сом деп бекитилген, 2026-жылы 3 280 болсо, 2027-жылы 3 670 сомду түзөт.