БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылганын Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына саат 08:54тө түшкөн.
"Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барып, 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсүнөн газ жарылганын аныкташкан. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Милиция жабыркагандар ооруканага жеткирилгенин билдирип, бирок канча киши жапа чеккенин так көрсөткөн эмес.
Буга чейин активист Эртай Искаков газ жарылган үйдүн видеосун жарыялап, бул газ менен жылытылган үй экенин көрсөтүп берген.