АКШда Россия менен мамилени жакшыртуу зарылдыгы айтылып, талаптар коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ Россия менен жакшы мамиледе болушу үчүн Вашингтондогу демократиялык жана республикалык элиталардын бир партиялуу режиминен кутулушу керек. Бул тууралуу Пентагондун мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бир партиялуу саясий элитаны кетириш керек. Россия менен узак мөөнөттүү тынчтык мамиле түзүү толук мүмкүн", — деп жазган ал.
Макгрегор Америкадагы карапайым эл Москванын саясатына эч кандай доосу жок экенин айтып, алар АКШ Украинадагы жаңжалга эмне себептен кийлигишип жатканын түшүнбөй деле турганын белгилеген.
Декабрдын башында Gallup агенттиги америкалыктар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда респонденттердин жарымынан көбү Киев кайсы бир аймагынан ажырап кала турган болсо да Украинадагы жаңжалдын эртерээк бүтүшүн колдой турганын айтышкан.
Эскерте кетсек, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп бийликте болгондо Украина жаңжалына жол бермек эместигин, азыркы кырдаалды бир күндө жөнгө салып кое ала турганын билдирген. Кремль өз кезегинде бул тез арада чечиле кала турган жөн салды маселе эмес экенин айтып келет.
Германия Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн чочулап турганы айтылды