20-январга карата аба ырайы

20-январга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 20-январь, дүйшөмбүдө, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...-7 градусту көрсөтөт.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында +7…+9, градус жылуу болот.
Мезгил-мезгили менен кар жаайт. 26-январга чейинки аба ырайынын божомолу