УКМК: Салык кызматынын өкүлү 500 миң сом пара менен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү кармалганын УКМК кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, инспектор ири өлчөмдө пара опузалоого шектелүүдө.
“14-январда Мамлекеттик салык кызматынын инспектору К.А.А. 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды”, — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
Жалал-Абадда бизнесмендерден акча опузалоого шектелип блогер кармалды