Баткендеги 550 млн. сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Көк-Дөбө айылындагы 11 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматта жер 1998-жылы “Калык” айыл чарба ишканасына көрктөндүрүүгө берилип, андан кийин жеке менчикке өтүп кеткени айтылат. Атайын кызмат текшергенден кийин 550 миллион сомго бааланган участок мамлекетке ыктыярдуу өткөрүлүп берилгени айтылды.
УКМК: Салык кызматынын өкүлү 500 миң сом пара менен кармалды