Кыргызстан алтынды көбүрөөк жана кымбатыраак сата баштады

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстан алтынды көбүрөөк жана кымбатыраак сата баштаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматта өткөн жылдын 11 айында 1 миллиард 262,5 миллион долларга бааланган 16,1 тонна алтын экспорттолгону айтылат.
2023-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу экспорттун көлөмү 4,1 пайызга, баасы боюнча 30 пайызга өскөн.
Былтыр Улуттук банктын алтын куймаларынан канча киреше табууга болмок. Саресеп