RIZIN промоутердик уюмунун чемпиондук курун утуп, аны кайрадан коргогондон кийин UFC турнирине барып күч сынашуу максатым бар. Бул тууралуу Ражабали Шайдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык мушкерлердин көбү ири эл аралык уюмдарда беттеш өткөрүүгө даяр болуп калышты.
"Мен 2000-жылы Жерге-Талда туулуп-өстүм. 2017-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшыргам. Кичинемден спортко жакын болгондуктан окуудан тышкары машыгуу менен алек болуп жүрдүм. Грэпплинг, жиу-житсу боюнча мелдештерге чыгып, жакшы жыйынтыктар болду. ММА спортун тандап, BatyrBashy, ACA, UAE Warriors сыяктуу промоушендерде беттеш өткөрдүм. 2024-жылы популярдуу RIZIN уюму менен келишим түзгөм. Алгачкы үч беттешти утуп, эми чемпиондук үчүн ат салышайын деп турам. Жеңсем курду кайрадан коргоп, кийин UFC турнирине барсам дейм. Туура спорттук режим спортчуну чемпиондукка жеткирет. Талыкпай эмгек кыла берсек үзүрү болот", — деди Шайдуллаев.