БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ошто таштандыны кайра иштетип, энергия чыгара турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Оштун мэри Бакытбек Жетигенов кытайлык инвесторлор менен жолугушкан.
“Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде таштандыларды күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Ал ишке ашырылса кышкы мезгилде Ош шаарынын тургундарын ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Заводдун долбооруна ылайык, күнүнө 2000 тонна таштанды жана көмүрдү иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алары кошумчаланды.