БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ош облусунда жаңы Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлөт. Министрлер кабинети тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыкты.
Жаратылыш паркы илбирс, күрөң аюу, сүлөөсүн, бүркүт сыяктуу жаныбарлардын түрлөрүн жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болот.
План боюнча, жаратылыш паркынын аянты 66 830 гектарды түзөт.
Кыргызстанда буга чейин ушундай 13 мамлекеттик жаратылыш паркы бар эле.