БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 82 жылдыгына арналган митинг-реквием болду.
Иш-чараны Марат Кутанов жетектеген Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому уюштурду.
Дайыр Асанов атындагы паркта өткөн иш-чарага министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, блокадачылар, дипломаттар, окуучулар жана студенттер катышты. Алар коргоочуларга таазим кылышты.
Катышуучуларга блокада маалында балдар үчүн 125 грамм, чоңдор үчүн 250 грамм болгон нан нормалары көрсөтүлдү.
Ошондой эле бүгүндөн тарта эл аралык “Блокадалык нан” эскерүү акциясы башталды. Анын алкагында ыктыярчылар мектептерде эрдик сабактарын өтүшөт. Жаштарга согуштун оордугу, блокадачылардын жашоосу тууралуу айтылып, согуштук хрониканын кадрлары көрсөтүлөт.