Ташиев Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирди.
Ташиев айрым журналисттер анын сөзүн бурмалап жатканын белгилеп, операциянын жүрүшү боюнча түшүндүрмө берди.
Негизги учурлары:
2023-жылдын 4-октябрында атайын кызматтын тобу Көлбаевди тергөө иштерине алып келишмек. Анткени анын Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экенин тастыктаган далилдер табылган.
Көлбаевдин жан сакчылары каршылык көрсөтүп, атайын даярдыктагы бөлүк аларга күч колдонуп "тынчтандырган".
арткы эшик аркылуу качууга аракет кылган Көлбаев атайын кызматтын өкүлдөрүн көрүп, ок чыгарган. Натыйжада жоокерлер курал колдонууга аргасыз болгон.
"Ал эми менин айткандарым боюнча, кызматкерлериме каршылык көрсөткөндөрдү кармабагыла деп дайыма оозеки буйрук берип келем. Эгерде шектүү кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса, анда алар курал колдонууга милдеттүү", — деп түшүндүрдү ал.
Буга чейин Ташиев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдагы ууруну жок кылуу чечими кабыл алганын айткан.
Ташиев кыргыз-тажик чек ара чырында жоготуулар эмнеге көп болгонун түшүндүрдү