БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык депортациялоо келерки шейшембиде Чикаго штатынан башталарын Wall Street Journal жазууда.
“Жаңы келе турган президенттик администрация массалык рейдди Чикагодон баштоону пландап жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Басылма рейд Трамптын инаугурациясынын эртеси, шейшемби күнү, башталарын билдирген.
“Бир жумада 200дөй тартип сакчы текшерүүгө чыгат. Мындай рейддер Нью-Йорк, Майами жана Лос-Анжелесте дагы болору күтүлүүдө”, — деп билдирген басылма.
Буга чейин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кызматка киришери менен мыйзамсыз жүргөндөргө массалык депортация жарыялай турганын айткан. Эске салсак, Чикагодо жашаган кыргызстандыктардын саны арбын.