19-январга карата аба ырайы

19-январда түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 4…9, Талас чөлкөмүндө 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10, Ысык-Көл жеринде 1…6 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында 5…7 градусту көрсөтөт.
Кыштын соңку айы февралга карата аба ырайынын божомолу