БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Евробиримдик антироссиялык санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, бул блоктогу өлкөлөрдүн экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Бул туурасында РИА Новостиге словак парламентинин вице-спикери Тибор Гашпар билдирген.
"Евробиримдик Россияга каршы киргизген санкциялар жана пакеттер (он алтынчысын кошкондо), менимче, ЕБге мүчө мамлекеттердин экономикасына зыянын тийгизип жатат. Экономикалык жактан алып караганда Европа биримдиги атаандаштыкка жөндөмдүү болбой калды. Ал эми силер айткан энергия, ресурстар — газ же мунай маанилүү товарлардан. Алар сенин арзан же кымбат өндүрөрүңдү аныктайт", — деген Гашпар.
Саясатчынын баамында, ЕБ антироссиялык санкцияларга жасаган мамилесин, чечимдерин ойлонуп көрүп, мындан ары аны улантуунун зарылдыгы бар же жоктугун аныкташы керек.
"Биз Словакия катары ЕБде башкалар да буга маани берип, өзүбүз отурган бутакты таарыганды улантпаш үчүн бир катар чечимдерди кайрадан карап, ага баа берүүнү каалайбыз", — деп белгиледи Гашпар.
Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган санкциялык кысымга өлкө туруштук бере ала тургандыгын көп жолу айткан. Москва санкциялардын ишке ашпай калганын Батыштын моюнга алууга эрки жетпей жаткандыгын да белгилеген. Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө Россияга каршы санкциялар натыйжасыз деген пикирлер бир нече жолу айтылып келген.