Россия Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын берүүнү көбөйттү. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен республика азык-түлүк коопсуздугун чыңдады. Тагыраагы, кантка (80%га), канаттуулардын этине (47%га), сүт, жумуртка жана унга (20%дан ашык) болгон муктаждык жабылды.
Өткөн жылы Россиянын эсебинен Кыргызстанга аз камсыз болгон жарандар үчүн алты миң тоннадан ашык продукция жеткирилген.
"Евразия" бейөкмөт уюмунун колдоосу менен мектептер үчүн 100 жаңы автобус алынды.
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Россия КР ИИМине 227 миллион рублге 28 унаа жана атайын техникаларды алып берди.
Каракол шаарында "Ломоносов мектеби" илимий-окуу комплекси ачылды. Мындан тышкары, жаш кыргызстандыктар Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жүздөгөн гранттарга ээ болушту, ондогон орус мугалимдери республиканын мектептеринде ишин улантууда.
Тема боюнча: