Пресс-борбор

Россия менен Кыргызстан товар алмашуу боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетүү ниетинде

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Былтыркы жылдын 11 айында Россия менен Кыргызстандын товар алмашуусу 18 пайызга жеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат жыйынында өткөн брифингде КРдин РФтеги соода өкүлү Айнур Саманов билдирди.
Ал россиялык экономикалык операторлор Кыргызстандын рыногуна улам көбүрөөк чыгып жатканын белгиледи.
РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов
"Экономикалык операторлор — Кыргызстандын аймагында тигил же бул долбоорлорду ишке ашырып жаткан мамлекеттик да, менчик да компаниялар. Бир нече жылдан бери катары менен россиялык рынокто кыргыз товарларынын экспорту өсүп келе жатат жана биздин өлкөнүн экспортунун үчтөн бир бөлүгү Россиянын рыногуна кетет. Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашууну көбөйтүп, өткөн жылдагы рекорддон да ашабыз деп турабыз", — деди Саманов.
Ал Россиянын линиясы менен 100дөн ашык ар кыл иш-чаралар өткөндүгүн кошумчалады.
Кыргызстан — Россия диалогу. Жыл жыйынтыгы жана келечекке баам