Пресс-борбор

Россия Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүүгө кандай жардам бере алат?

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон шамал электр станцияларын куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, долбоор ушул жылдын соңуна чейин бүтүшү керек.
"2024-жылдын август айында россиялык компания "Кыргыз темир жолу" (КТЖ) ишканасы менен жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Бул биринчи гана этап, келечекте темир жол инфраструктурасын жаңылоо жана кыймылдуу курамды куруу пландалууда. Долбоордун алкагында КТЖ кызматкерлери үчүн окуулар да уюштурулат. Долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда", — деди Саманов.
Ал россиялык ишканалар Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон башка долбоорлорго: ГЭСтерди курууга, транспорттук инфраструктура үчүн өндүрүштүк жана оңдоочу жайларды түзүүгө, атайын багыттагы автомобиль жабдууларын жана темир жол локомотивдерин жеткирүүгө катышууга даяр экенин белгиледи.
Пресс-борбор
РФтин соода өкүлү: россиялык компаниялар Кыргызстандын IT тармагына кызыгууда