Пресс-борбор

РФтин соода өкүлү: россиялык компаниялар Кыргызстандын IT тармагына кызыгууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Россиялык компаниялар Кыргызстандагы IT-тармакка кызыгып жатканын РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов
"Ошондуктан 2024-жылдын март айында соода өкүлчүлүгүндө санариптик атташенин жаңы штаттык бирдиги пайда болду. Ал санарип күн тартибиндеги маселелерди көзөмөлдөйт. Биз Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнө жана мамлекетке санариптештирүү боюнча кандайдыр бир суроо-талап бар экенин түшүнсөк, анда өз кызматтарын көрсөтө алган россиялык компанияларды ошол жакка багыттайбыз", — деди Саманов.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө салттуу соода жүгүртүүгө гана эмес, тажрыйба, кызмат көрсөтүү, технологиялар менен алмашууга да өзгөчө көңүл бурулууда.
КРСУнун мектебинде окуу быйылкы жылдан тарта акысыз болот