БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Владимир Путин Кремлде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен болгон сүйлөшүүдө эки өлкө ири стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Сиздин бүгүнкү сапарыңыз өзгөчө мааниге ээ. Анткени биз кызматташтыгыбыздын бардык багыттарын талкуулап гана тим болбостон, Россия менен Ирандын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча чоң базалык келишимге кол коебуз”, — деди Путин.
РФ лидери жаңы келишим кызматташуунун бардык тармактарында кошумча дем берерин баса белгиледи. Ирандын президенти өз кезегинде ага кол коюу эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө салым кошорун билдирди.
Ошол эле учурда Пезешкиан Москва менен Тегерандын мамилеси стратегиялык жактан маанилүү жана ар тараптуу экенин кошумчалады.
Ирандын президенти Россияда расмий сапары менен жүрөт. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө башталып, андан ары кеңейтилген курамда уланат. Пезешкиан менен бирге Кремлге ирандык делегация дагы келди.