Бирок азыркы Польша СССРдин бул эмгегин унутуп калгандай. Кызыл аскерлердин каармандыгын видео жана текст менен баяндап бермекчибиз.
Биринчи Беларусь фронтунун жана Польшанын 1-армиясынын төрт күндүк операциясы ийгиликтүү болгон.
Басып алган беш жыл ичинде немецтер шаарды дээрлик жок кылып салган:
өнөр жай курулуштарынын 90 пайызы;
архитектуралык эстеликтердин 90 пайызы;
эл жашаган үйлөрдүн 72 пайызы.
Варшаванын согушка чейинки 1 310 000 калкынан 162 000 киши гана калган.
Москва Варшаваны бошотууну 324 куралдан 24 ирет атуу менен белгилеген.
Жеңиштин урматына граниттен "Братерство брони" деп аталган монумент тургузулган. Гранитке поляк жана орус тилдеринде төмөнкү сөздөр чегилип жазылган:
"Польша элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн өмүрүн берген Советтик Армиянын баатырларына — куралдаштарга даңк!"
Бүгүнкү күндө Польшадагы антироссиялык маанай жетер чегине жетти. Өткөндү эстеп, баалап, таразалап жыйынтык чыгаруу эмнегедир эл башындагылардын оюна келбегендей. Ал эми 2011-жылы ноябрь айында эстеликти алып салышкан.