БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки сынактары киргизилерин Билим берүү министрлиги билдирди.
Мектептин менчик түрүнө жана окутуу тилине карабастан 2024-2025-окуу жылында 5-6-класстын окуучулары, 2025-2026-жылдан тарта 7-8 жана 10-класстын окуучулары ушундай көчүрмө экзамендерди тапшырат.
Сынактарды Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурмакчы.