Кыргызстанда "Блокадалык нан" эл аралык эскерүү иш-чарасы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 18-январдан 27-январга чейин Кыргызстанда "Блокадалык нан" эл аралык эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
Акциянын негизги символу 125 граммдык бир кесим нан болмокчу. Анткени курчоодо калган Ленинграддын тургундарына берилген минималдуу норма ушунча болгон. Бул нан курчоого алынган шаардын тургундарынын трагедиясынын жана баатырдыгынын символу болуп калды.
Иш-чара ленинграддыктардын блокададан аман калган эрдигин эске салууга багытталган. Акциянын алкагында ыктыярчылар Кыргызстандын шаарларындагы жана айылдарындагы мектептерде "Эрдик сабактарын" өткөрүп, согуштун оор күндөрүн айтып, хроникасынын кадрларын көрсөтүшөт.
Санкт-Петербургдан келген делегация блокадачылардын эстелигине гүл койду