БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанга Россиянын экспорттук борборунун көп тармактуу бизнес-миссиясы келет. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов билдирди.
Анын айтымында, иш-чара июнда болот.
"Россиялык продукциянын даамын татып көрүү үчүн атайын фуд-шоу уюштурулат. Мындан тышкары, Кыргызстандагы ири соода түйүндөрүнүн жана ишканалардын өкүлдөрү чакырылат. Кыргызстандагы ишканаларды активдүү катышууга чакырам", — деп белгиледи Саманов.
Ал быйылкы жыл Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык үчүн ийгиликтүү болот деген үмүтүн билдирди.