“Учур” мамлекеттик театры 15 жылдан бери имаратынын шарты жоктугуна, суугуна карабай бардык күчүн, талантын жумшап, чоң спектаклдерди коюп келе жатат. Театрдын жаңы дайындалган директору Рыскул Боромбаевдин айтымында 2025-жылдын аягына чейин азыркы имараттын ордуна заманбап, трансформер стилиндеги жаңы театр салынат. Анын архитектурасын Россиядан чакырылган адистер иштеп чыгууда. Долбоор даяр болгондугун айткан директорго театрдын ишмердиги тууралуу бир катар суроолорду узатып, жооп алдык.