Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2024-жылга коюлган планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Талантбек Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл башында республикалык бюджеттен министрликке бөлүнгөн сумма жетпей калып, кийин кошумча каражат бөлүнгөн.
"Жыл башында министрликке 6 миллиард 57 миллион сом бөлүнгөн. Кийин кошумча каражат каралып, жалпы бөлүнгөн акчанын суммасы 11 миллиард 735 миллион сомго жетти. Мындан сырткары, инвестициялык долбоорлордун алкагында 10 миллиард сомдой каражат тартылды. Мунун эсебинен 2024-жылы 802 чакырым асфальт төшөлдү. Былтыр 673 чакырым жол салынган. Бул жыл башындагы божомолдон 20 пайызга көп болуп, коюлган план ашыгы менен аткарылды. Мындан тышкары, аң-чөнөктөрдү жамоо, жол белгилерин орнотуу, бодурлоо иштери жүрдү", — деди Солтобаев.
Ошондой эле ал жол салуу жана оңдоого бөлүнгөн каражат жылдан-жылга көбөйүп, абал жакшыртып жатканын кошумчалады.