Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Шадыканов буга чейин кылмыш иш козголуп иштен алынган Эмил Осмоновдун ордуна дайындалды. Мурдараак УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Коргоо министрлигине курал-жарак сатып алуу үчүн бөлүнгөн акчалардын мыйзамсыз чыгарылып кеткенин маалымдаган. Бул факт боюнча эки сербиялык жаран жана эки кыргызстандык кармалган. Аталган ишке Осмоновдун да тиешеси бар экени айтылууда.
Баткен облусу менен Чек ара кызматынын жетекчилери иштен алынды. Ордуна ким барды?