БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Транспорт каражатын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирет. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Жаңы кызмат аркылуу жарандар транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн кайра каттай алышат. Бул үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, "Түндүк" мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер колдонулат.
Кызматты пайдалануу үчүн жарандар Face ID бетти таануу технологиясы аркылуу идентификациядан өтүшү керек.