Бул билдирүүнү КПСС БКнын 1-катчысы Никита Хрущев Берлинде Германиянын Социалисттик бирдиктүү партиясынын VI съезди өтүп жатканда жасаган.
Ал мезгил АКШнын өзөктүк курал боюнча монополист деп эсептеп турган чагы эле. Бирок алардын "Иви Майк" водороддук бомбасы көлөмү жагынан советтик куралдан алда канча чоң болчу. Эгер советтик курал учактан таштоого боло тургандай чакан болсо, Американыкы үйдүн көлөмүндөй эле. Ушул артыкчылык СССРди "термоөзөктүк жарышта" лидер кылган.
Бул окуя дүйнөдөгү теңдештик абалды өзгөрттү. Өзөктүк курал жарышында бомбанын мүмкүнчүлүгү канчалык экени баарына маалым болду.
1963-жылдын 5-августунда СССР, АКШ жана Улуу Британия атмосферада өзөктүк куралды сыноого тыюу салуу боюнча эл аралык биринчи келишимге кол койгон.