Россия менен Кыргызстандын ТИМ жетекчилери Москвада жолугат

Эки өлкөнүн 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Жээнбек Кулубаев 22-январда Москвада жолугат. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Кулубаевдин расмий сапарынын алкагында жүргүзүлөт.
"Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер органдарынын жетекчилери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле евразиялык интеграция, глобалдык жана аймактык коопсуздук, эл аралык платформаларда биргелешкен кадамдарды координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюу пландалып жатат", — деди Захарова.
Жолугушууда ЖККУдагы кызматташууга да өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды